• Новости Административно-хозяйственный департамент

Университеттеги жалпы коопсуздук боюнча

2024-12-11 05:03:13 69

Азыркы учурда бардык имараттардын ички жана сырткы бөлүктөрүнө, аймагына видеокөзөмөл системасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул университетте жалпы коопсуздукту сактоону ишке ашырат. Техникалык коопсуздук эрежелерине жана талаптарына, өрт коопсуздук эрежелерине, электрдик коопсуздук эрежелерине дал келген шарттарды түзүүдө биринчи кезекте университеттин кызматкерлери менен студенттеринин ушул маселе боюнча билимин, түшүнүгүн өркүндөтүү, өстүрүү максатында Ош шаардык тиешелүү жооптуу мамлекеттик ишканалар менен (Ош Шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, Ички иштер башкармалыгы, Улуттук коопсуздук башкармалыгы, Өрт өчүрүү кызматы, Жарандык коргонуу кызматы, Санитардык-эпидемиологиялык борбору, оорукана врачтары,) биргеликте окуу-практикалык иш чаралар өткөзүп келинет.