• Условия для граждан с ограниченными возможностями

Условия для граждан с ограниченными возможностями


Окуу корпустарынын сырткы ажатканалыры

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

Ош Мамлекеттик Университетинин окуу корпустарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бир топ шарттар каралган. Атап айтсак ар бир окуу имараттардын негизги кирүү тепкичтерине пандустар, кармоочтор орнотулган. Имараттардын ар бир кабатка чыгуучу тепкичтерине кармоочтор орнотулуп, тепкичтердин сырдалуусу атайын көзү начар көргөн адамдар үчүн ыңгайлаштырылып сырдалган. Ошондой эле окуу имараттарынын сырткы ажатканаларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар орнотулуп, атайын жеке кааналар каралган жана бүгүнкү күндө калган окуу имараттарында да шарттарды түзүү иштери пландаштырылып аткарылууда.

Имараттардын негизги кирүү тепкичтерине орнотулган пандустар

Окуу корпустарынын сырткы ажатканалыры
2024-2025-жылга карата пландалып, аткарылып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө

Негизги кириш тепкичтерине темир швеллеринен орнотулган пандустарды зиг-заг формасындагы пандустарга жана электрондук көтөргүч аппараттарына алмаштыруу;

2 же андан ашык кабаттуу окуу имараттарынын тепкичтерине мүмкүнчүлүгү чектелген араба (инвалидная коляска) менен жүргөн адамдар кийинки кабатка көтөрүлүүсү үчүн электрондук атайын көтөргүчтөрдү орнотуу;
Университеттин Кампустарында биринчи окуу имаратынан экинчи окуу имаратына барууда ыңгайлуу болуш үчүн атайын шарттуу белгилерди жана пандустарды орнотуу;